» » Абдиназар Токтосунов - Сулуудан сулуу

Абдиназар Токтосунов - Сулуудан сулуу

Абдиназар Токтосунов - Сулуудан сулуу
  • Слушали 490
  • Размер 8.22 MB
  • Длительность 03:35
  • Качество 320
  • Дата релиза 03.03.2026
  • Исполнитель Абдиназар Токтосунов - Сулуудан сулуу
Сулуудан сулуу
Абдиназар Токтосунов
Скачать
Слушайте «Абдиназар Токтосунов - Сулуудан сулуу» онлайн или скачайте бесплатно в MP3 320 kbps без рекламы и регистрации на MuzLu.

Текст песни

«Сулуудан сулуу»
Сулуудан сулуу периштем
Сууруп ал мени кейиштен.
Суусунумду кандырчы
Сүйүү деген деңизден.
Көрүнбөй калсаң бир азга
Көчөлөрдөн сени издейм.

Акылымдан айырат
Ай чагылган жамалың.
Күч кубаттан айырат
Күн чагылган тамагың.
Күлгөнүң шыңгыр жагымдуу
Күлкүсүндөй баланын.
Ээрчип жүрүп артыңан
Эзилип бүттү таманым.
Жорголоп жүрүп артыңан
Жоруду жолдо таманым.

Жылгага чыккан арчанын
Жыпары сенсиң сулуу кыз.
Көл боюн көрккө келтирген
Гүлзары сенсиң сулуу кыз.
Айтылып бүтпөс ак сүйүү
Муң зарым сенсиң сулуу кыз.
Балкытар жанды бакытка
Ырларым сенсиң сулуу кыз.

Күн десем күндөн жылуусуң
Гүл десем гүлдөн сулуусуң.
Ай десем айдан жылуусуң
Айнектей жаркып сулуусуң.
Ашыгым сенсиз жүргөн күн
Азабы өттү курусун.

Сагынсам издеп учканга
Канатым бар сулуу кыз.
Таппасам жашты төгүүчү
Адатым бар сулуу кыз.
Кылымга сени ыр кылар
Санатым бар сулуу кыз.

Ак жүзүң аппак алмадай
Аябай бышкан күзүндө.
Баткан күндүн кызылы
Албырган сенин жүзүңдө.
Колум жетер бир күнү
Короодо сендей жүзүмгө.
Мас болор күнүм бар чыгар
Жүзүмдөн таткан үзүмгө.

Кыйналдым сага жете албай
Кыйналдым айлам эч калбай.
Кызарган күндөй жашындың
Кыйналганым эске албай.
Таң болуп кайра келет деп
Күтөмүн сени эч талбай.
Күтө берем ар качан
Калгычакты күч калбай.
Күтө берем ар качан
Таргычакты күч калбай.

Похожие песни